Башкаруучулук кызматтарда гендердик тең салмактуулук бекемделет

Жаңы жобого ылайык, саясий, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кадрдык резервди түзүүдө бир жыныстагы өкүлдөрдүн үлүшү 70%дан ашпашы керек. Бул мурда лидерлик орундарга кыйла эле аз көрсөтүлүп келген аялдардын атаандаштыкка жана кызматтан көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүктөрү кеңейет дегенди билдирет. Жарлык 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Кененирээк

Республикалык спорттук колледждин директору Айбек Ташматов камалды

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Шералы Сыдыков атындагы спорттук колледждин директору 15-апрелге чейин камакка алынды. Ташматовго Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылууда. Камчыбек Ташиев 5-февралда Республикалык спорттук колледждин жаңы комплексинин ачылышына катышып, Ташматовго унаа белек кылган.

Кененирээк

Вокалдык-аспаптык ансамблдер үчүн музыкалык аспаптар тапшырылды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин 12 айдын жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн коллегиясынын алкагында маданият жана искусство багытындагы билим берүү мекемелерине вокалдык-аспаптык ансамблдер (ВАА) үчүн музыкалык аспаптарды расмий тапшыруу аземи болуп өттү. Долбоордун алкагында республика боюнча 21 билим берүү мекемеси тандалып алынып, алар үчүн жогорку сапаттагы заманбап музыкалык жабдуулар сатып алынды. Бардык аспаптар тиешелүү техникалык текшерүүдөн…

Кененирээк

Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов эки айга камалды

Анаркуловдун бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, №1 тергөө абагына эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыкты. Маалыматты бизге Анаркуловдун адвокаты Мунарбек Супатаев тастыктады. Ага “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылууда. Анаркулов 2021-жылы президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүн жетектеп турганда да кармалган. Ал УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев менен жакын мамиледе экени айтылып келет….

Кененирээк

Казакстан тынчтыкты коргоо үчүн Газага аскер жөнөтөт

Бейшембиде АКШнын президенти Дональд Трамп «Тынчтык кеңешинин» алкагында Газаны калыбына келтирүүгө 7 млрд доллардан көп каражат түшкөнүн билдирди. Трамп кеңештин Вашингтондогу алгачкы жыйынында айткандай, Казакстан, Азербайжан, Бириккен Араб Эмираттары, Марокко, Бахрейн, Катар, Сауд Арабия, Өзбекстан жана Кувейт жардам берүү пакетине салым кошту. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазды. Ал эми Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев анын өлкөсү…

Кененирээк

Кыргызстандан унаа катализаторлорун ташып чыгууга алты айга тыюу салынды

Министрлер кабинети мурда пайдаланылган унаа катализаторлорун жана алардын калдыктарын өлкөдөн ташып чыгууга 6 айлык убактылуу тыюу салды. Токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду. Чечим атмосфераны чыккан газдардан булгануусун азайтуу, жарандардын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо үчүн кабыл алынганы, ошондой эле катализаторлорду кайра сатуу максатында мыйзамсыз алып салуу жана уурдоо учурлары көбөйгөнү айтылды. Тыюу салынган…

Кененирээк

Оштун экс-мэринин орун басарлары кызматтан кетти

Ош шаарынын мэринин орун басарлары Сонунбек Жунусбаев, Мирлан Казыбай уулу жана Адилет Шаршеналы уулу өз арызы менен ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Кененирээк

Маданият министрлиги TikTokту бөгөттөн чыгарууну сунуштады

19-февралда өткөн коллегияда маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Кыргызстанда TikTok социалдык тармагын бөгөттөө чечимин кайра кароону сунуштады. Анын айтымында, учурда маалыматтык чөйрөнү мониторинг кылган борбор жоюлуп, соцтармактар менен иш алып барган ыйгарым укуктуу орган жок. Ошол эле маалда TikTok расмий бөгөттө турганына карабай, жарандар платформаны VPN аркылуу колдонуп жатышат. Тагаев…

Кененирээк

Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырарын билдирди

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу 19-февралда депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу чечимин кабыл алганын билдирди. Бул тууралуу ал Facebookтагы баракчасына жазды. Кайрылуусунда Тургунбек уулу акыркы убакта анын атына байланыштуу жалган маалыматтар тараганын айтып, ошондой эле 75 адамдын кайрылуусуна байланышкан саясий интригаларга жана демилгелерге тиешеси жок экенин белгиледи. Ал саясаттан алысыраак болуп, ден соолугуна…

Кененирээк

Альтернативдик кызмат үчүн төлөмдөр жогорулады

Жогорку Кеңеш 19-февралдагы жыйында альтернативдик кызмат үчүн төлөмдөрдүн өлчөмүн жогорулаткан мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Ошондой эле аскердик каттоонун эрежелерин бузган жарандарга салынуучу айып пул 10 миң сомго чейин көбөйтүлдү. Жаңы төлөмдөр: үй-бүлөлүк абалына байланыштуу — 25 миң сом ден соолугу боюнча чектөө барларга — 40 миң катталган диний уюмдун мүчөлөрүнө — 50 миң…

Кененирээк