Ош шаарындагы «Келечек» базары көчүрүлдү

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасына ылайык, 1-марттан шаарындагы эски “Келечек” базарын көчүрүү иштери жүрүп жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, аталган базардан бүгүнкү күнгө карата жайгашкан жалпы 1200 соода түйүнүнүн ичинен 700дөн ашуун соодагер өз соода орундарын бошотуп чыгып кетишти. Калган соода түйүндөрүн да көчүрүү иштери улантылат. Соодагерлерди көчүрүү иштерине Ош шаарынын мэриясынын алдындагы бардык тиешелүү…

Кененирээк

Манас шаарынын мэри алмашты

Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков кызматтан алынды.Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Дагы бир жарлыкка ылайык, Абдупата Маткаликов Манас шаарынын мэри болуп дайындалды. Жаңы шаар башчысы тууралуу ачык булактарда маалымат аз. Ал Жалал-Абадда туулган, 62 жашта, кесиби боюнча инженер-механик. 2020-жылы “Мекенчил” партиясынан, 2021-жылы “Ишеним” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.

Кененирээк

Жанар Акаев Оштун мэри катары ишке киришти

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына жаңы мэр Жанар Акаевди тааныштырды. Минкаб төрагасы Ош шаарынын мэри Жанар Акаевге жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады.

Кененирээк

Ош шаарына Жанарбек Акаев мэр болуп дайындалды

Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.18-февралдын кечинде Жеңишбек Токторбаев өз арызынын негизинде Ош шаарынын мэри кызматынан алынды. Жанарбек Акаев учурда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты. Ал «Азаттыкта» бир канча жыл журналист болуп иштеген. Ошондой эле 2015-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы болгон. Жогорку Кеңештин үч чакырылышында депутат болгон.

Кененирээк

Токторбаев кызматынан алынды

18-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетүүгө арыз жазганы белгилүү болду. Бул тууралуу президенттик администрациядагы булактар ырастады. Токторбаев бүгүн “Азаттыкка” кыска маек берип, кызматын улантуу ниети бар экенин, бирок муктаждык жаралса арыз жазууга даярдыгын билдирген.

Кененирээк

Ош шаарынын мэри кызматын уланта берерин айтты

Бул тууралууу Жеңишбек Токторбаев калаа бийлигинин коллегиялык жыйынынан кийин кесиптештерине кайрылып жатып айтты. Шаар башчысы интернетке тараган маалыматтарды фейк деп атап, анын кызматтан кетишине каршы болгондорго ыраазычылык билдирди. Буга чейин бир нече басылмалар Женишбек Токторбаев кызматын тапшыра турганын жазып чыккан. Мэриянын басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөгөн.

Кененирээк

Ошто сууда сүзүү боюнча мелдеш өтөт

2026-жылдын 17-февраль күнү сергек жашоо образын даңазалоо максатында сууда сүзүүчүлөр үчүн Ош шаарынын мэринин кубогу өткөрүлөт. Мелдештин негизинде Ош шаарынын курама командасына 25 мыкты сууда сүзүүчүлөр тандалып алынат. Ага 2014, 2015, 2016, 2017, 2018, 2019-жылы төрөлгөндөр катыша алат жана алар спорттук мектепте, секцияда же машыктыруучуда 3 айдан кем эмес даярдыктан өтүшү керек. 1,2,3-орунду алган жеңүүчүлөр…

Кененирээк

Оштогу Тешик-Таш базары жаңы базарга көчүрүлөт

Таңкы рейддин жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Тешик-Таш базарынын аймагын жеринен көрүп чыгып, учурдагы абалы менен таанышты. Анын жыйынтыгында тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине жакынкы күндөрү базарды белгиленген талаптарга ылайык жаңы базарга көчүрүү боюнча тапшырма берди. Шаар башчысы базардын башаламан жайгашуусу жол кыймылына тоскоолдук жаратып жатканын, жарандардын коопсуздугуна коркунуч туудуруп, санитардык-гигиеналык талаптар сакталбай жатканын белгилеп, базардын…

Кененирээк