Бишкек шаарына 148 жыл толду

Калаа башчысы Айбек Жунушалиев борбор калаанын тургундарын жана меймандарын Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады. «Биз шаарды өнүктүрүп, жашоого ыңгайлуу жана коопсуз кылууга аракет кылып жатабыз», — деп белгиледи ал. Белгилей кетсек, быйыл Бишкек шаарына 148 жыл толду. Өлкөнүн борбору алгач Пишпек, кийин Фрунзе, андан соң Бишкек болуп өзгөргөн.

Кененирээк

4 шаардын мэри жана 3 райондун акими алмашты

Анын арасында Камчыбек Ташиевдин убадасынан кийин иштен көтөрүлгөн Нарындын мэри дагы бар. Төмөнкү аймактардын жетекчилери алмашты: Темирболот Абыкеев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими болуп дайындалып, Руслан Айтбаев иштен кетти. Алтынбек Бектуров Базар-Коргон районунун акими болуп дайындалып, Талантбек Эдилов иштен бошоду. Ниязбек Козуев Москва районунун акими кызматынан бошотулуп, Илияз Ташбаев келдиАлмаз Байгазиев Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп…

Кененирээк

Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө мэр 1 250 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырды

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин катышуусунда мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер Ош эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты. Шаар мэри олимпиадада алдыңкы орундарды багындырган окуучуларды жеңиши менен куттуктап, мугалимдерге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле мындан ары шаар бийлиги билимдүү жаштарды колдоого алып, алардын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи. Калаа башчысы өз…

Кененирээк

Айбек Жунушалиев Октябрь районунун акимин кызматтан алып, эки вице-мэрге эскертүү берди

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Орто-Сай базарындагы абалга нааразы болуп, бир катар чечимдерди кабыл алды. Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев жана анын биринчи орун басары Майрамбек Адылбеков кызматтан бошотулду. Ошондой эле вице-мэрлер Азамат Кадыров менен Рамиз Алиевге эскертүү берилди. Мэр базарда башаламан соода кайра жанданып, көзөмөл жетишсиз болгонун сынга алды.

Кененирээк

Ош шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, 21-март Ош шаарында Нооруз майрамына арналган маданий иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев, облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, шаардык кеңештин депутаттары, чет элдик коноктор жана шаар тургундары катышты. Нооруз шаңы борбордук аянтта расмий коноктордун катышуусунда, улустун улуу күнүн даңазалаган театрлаштырылган сахналык көрүнүш менен башталды. Шаар мэри келген…

Кененирээк

«Дордой» базарындагы унаа токтотуучу жайлар мэрияга өтөт

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев базардын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков менен жолугуп, инфратүзүмдү жакшыртуу маселесин талкуулады. Мэр өнүгүү иреттүү болуп, соодагерлерге да, шаар тургундарына да ыңгайлуу шарт түзүлүшү керектигин белгиледи. Планга ылайык, базарда көп кабаттуу парковкалар курулуп, аймак көрктөндүрүлөт. Көлмө айланасында жөө жүрүүчү эс алуу зонасы да пайда болот. Ошондой эле бардык парковкалар муниципалитетке өткөрүлүп, төлөм QR-код…

Кененирээк

ЦУМдун жанында курула турган фонтандын эскизи көрсөтүлдү

16-мартта Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде көчмө жыйын өткөрдү. «Айчүрөк» ЦУМдун жанындагы тилкеде конструкцияларды бузуу иштери башталып, анын ордуна фонтан комплексин калыбына келтирүү жана жашыл зона түзүү пландалууда. Мэр ошондой эле Old Bishkek долбоору ишке ашырылып жаткан тилкеге барып, ал жерде курулуп жаткан үч кабаттуу объектти бузуу чечими кабыл алынганын…

Кененирээк

Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүнө 300 даана акация дарагы отургузулду

Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин алкагында жүргүзүлүп жаткан көчөт тигүү иш-чарасына мэрдин орун басары Эрнис Толтоев катышты. Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан быйылкы жылга карата шаар аймагына 1340 даана акация көчөтүн отургузуу пландаштырылууда. Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасына ылайык Курманжан датка көчөсүндөгү буга чейин жашыл аймак жок болгон жолдун эки…

Кененирээк

Каракол шаарынын мэри алмашты

Буга чейин аталган шаарды башкарып келген Каныбек Адиев кызматтан алынып, ордуна Талантбек Иманов дайындалды. Иманов бул кызматка дайындалар алдында президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү кызматынан бошотулду. Президенттин дагы бир жарлыгы менен Алмазбек Усенов Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттиктин директору кызматынан бошотулуп, анын ордуна Кутман Мамыров барды.

Кененирээк

Экс-мэр Оштун 12 млрд карызы тууралуу үн катты

Социалдык тармактарда ал мэрияны 12 млрд сом карыз менен калтырганы тууралуу маалыматтар тараган. Мурдагы мэр бул маалыматты четке какты. “Кыргызстанда жолдор, мектептер жана социалдык объектилер параллелдүү долбоорлоо ыкмасы менен курулат. Башкача айтканда, подрядчиктер алгач өз каражаты менен иштей берет. Курулуш бүткөндөн кийин гана мамлекет же мэрия аларга акчасын төлөп берет. Менин эсептөөм боюнча, мэрия жолдор…

Кененирээк