Нидерландиянын HZPC компаниясы «Агролид» компаниялар тобу менен үрөнчүлүктү өнүктүрүү боюнча кызматташат

Бишкек шаарында «Кыргызстандын үрөнчүлүгүнүн келечеги: сапат, инновация, өнөктөштүк» аттуу форум өттү. Иш-чара өлкөнүн үрөнчүлүк тармагын стратегиялык өнүктүрүүгө арналган. Форумдун жыйынтыгында Кыргызстандын үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштарды камтыган резолюция кабыл алынды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Нидерландиянын HZPC компаниясы жана «Агролид» компаниялар тобунун ортосунда үрөнчүлүктү өнүктүрүү…

Кененирээк

Президент баңгизаттары менен байланышкан кылмыштар боюнча камалгандардын жакындары менен жолукту

Президент Садыр Жапаров баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштар боюнча кармалган адамдардын (соттолгондордун) ата-энелерин жана жакын туугандарын кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар мамлекет башчысына кармалгандарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын үй камагына өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн кароону, ошондой эле соттолгондор үчүн жазаны жеңилдетүүнү өтүнүштү. Президент Садыр Жапаров кайрылууларды угуп, жарандардын тагдырына тиешелүү маселелерди мамлекет көңүл…

Кененирээк

Мектептерде кванториумдар ачылат

Өлкөдө STEM системасындагы билим берүүнү өркүндөтүүнү көздөгөн долбоор ишке кирүүдө. Келечектеги инженерлер үчүн кабинеттер ар кайсы райондогу 220 мектепте март айынан тарта ачыла баштайт. Керектүү жабдуулардын баары сатылып алынган. Долбоор окуу программасынын алкагында ишке ашат. Агартуу министрлиги алдыңкы 53 мектепте кванториумдар ачыларын кабарлады.

Кененирээк

Кыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлөт

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Улуттук лабораториялык кызматты түзүү боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйында лабораториялык диагностиканын бирдиктүү жана туруктуу тутумун калыптандыруу, мамлекеттик жана жеке сектор үчүн сапатка, отчеттуулукка жана башкарууга карата бирдей талаптарды киргизүү маселелери талкууланды. Ошондой эле эл аралык стандарттарды колдонуу, мониторинг үчүн санариптик чечимдерди киргизүү жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын тактыгын жогорулатуу каралды. Мындан тышкары, медициналык…

Кененирээк

13-округда кайра шайлоо болбойт: БШК шайлоону өткөн деп тааныды

Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы чечимине ылайык, 13-округда Бактыбек Сыдыковго берилген добуштар гана жокко чыгарылды. Ал буга чейин бул округда эң көп добуш алган талапкер болчу. Бул округдагы шайлоо участкаларда уруксатсыз видеого тартуу фактыларына байланыштуу шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Кайра шайлоо 1-мартка дайындалып, жаңы талапкерлер каттоодон өткөн, ал эми мурдагы талапкерлерге кайра катышууга тыюу салынган….

Кененирээк

Акжол Махмудов болгариялык Айк Мнацаканянды жеңди

Бишкектеги Кичи аренада күрөш боюнча Super 4 Wrestling эл аралык турнири өттү. Мелдештин байге фонду 300 миң доллардан ашат. Турнирдин атайын беттешинде Акжол Махмудов 82 кг салмакта болгариялык Айк Мнацаканянды 5:2 эсебинде утуп алды. Натыйжада Махмудов 10 миң доллар, Айк Мнацаканян 5000 доллар утту. Бул балбандардын ортосундагы жеке эсеп буга чейин 2:2 болчу. Мындан тышкары…

Кененирээк

Президенттин жана минкабдын Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү алмашты

Тиешелүү тескемеге Адылбек Касымалиев кол коюп, Алмасбек Абытовдун ордуна Бектур Зулпиев дайындалган. Ал буга чейин өлкө башчынын кеңешчиси болчу.

Кененирээк

«Кыргызстан аэропорттору» менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кызматташат

«Кыргызстан аэропорттору» ААКы жана «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКы камсыздандыруу тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Документке Манасбек Самидинов менен Элдияр Калдарбеков кол койду. Келишим милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандыруу багытындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган. Ал төмөнкүлөрдү камсыздандырууну камтыйт: -мүлк -транспорт жана жүк -жоопкерчилик -өмүр жана ден соолук Мындан тышкары ташууларга жана авиациялык инфратүзүм объекттерин эксплуатациялоого байланышкан тобокелдиктерди…

Кененирээк

Кыргызстан менен Тажикстандын соода жүгүртүүсү 24 эсеге өсүп, 36 млн долларды түздү

2025-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы товар жүгүртүү 36 млн долларды түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик 24 эсеге көбөйгөнү айтылды. Бул тууралуу 13-февралда Бишкекте МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын жолугушуусунда маалымдалды. Адылбек Касымалиев соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүү милдети коюлганын белгилеп, Кыргызстан бул максатка жетүүгө даяр экенин айтты. Кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешинин…

Кененирээк

Калың кардан улам Чаткалда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Аймакка жааган 1,5 метр кардан улам жолдор жабылып, эл түйшүккө кабылып жатканы айтылууда . Районго барчу жолго улам кар көчкү түшүп, атайын техникалар улам жолду тазалап жатат. Буга байланыштуу кечээ, 12-февралда, районго 2-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Ошондой эле катаал аба ырайына байланыштуу мектептер онлайн окууга өткөрүлгөн.

Кененирээк