АКШда Трамптын саясатына каршы ири нааразылык акциясы өттү

Ишемби күнү Америка Кошмо Штаттарында президент Дональд Трамп жана анын администрациясынын саясатына каршы жапырт нааразылык акциясы өттү. Уюштуруучулардын айтымында, үчүнчү жалпы улуттук акция «No kings» деген ураандын алдында өтүп, “АКШнын тарыхындагы эң ири акция” болуп калды. 50 штатта 3 миңден ашуун митинг жана демонстрациялар өттү. Акция АКШдан сырткары башка дагы ири шаарларда болду. Уюштуруучулардын айтымында,…

Кененирээк

«Кыргыз кымызы» брендин мыйзамсыз колдонгондорго 100 миң сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Джумабеков «Кыргыз кымызы» брендин коргоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Долбоорго ылайык, брендди мыйзамсыз колдонгондорго 10 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салынат,продукция конфискацияланат жана QR-кодсуз сатылган кымыз да мыйзам бузуу катары каралат. Ошондой эле жаңы ишканалар 3 жылга киреше салыгынан бошотулат жана жабдууларды импорттоодо КНС алынбайт. Максат — «Кыргыз кымызы»…

Кененирээк

Туризмден түшкөн киреше 1 млрд доллардан ашты

Статком бул былтыркы жылдын көрсөткүчү экенин, ал мурдагы жылдагыдан 8,1%га жогору экенин билдирди. Маалыматка ылайык, туризм экономикадагы маанилүү тармактардын бири болуп, ИДПдагы үлүшү 3,8%ды түздү. Жалпы кошумча нарк 74,4 млрд сомго жеткен. Учурда тармакта 129 миңге жакын чарба субъектилери иштеп, жумуш орун түзүүгө жана региондордун өнүгүшүнө салым кошууда.

Кененирээк

Россия 1-апрелден тарта бензинди экспорттоого убактылуу тыюу салды

Чектөө бардык рынок катышуучуларына тиешелүү болуп, өкмөттөр аралык келишимдер боюнча жеткирүүлөргө гана уруксат берилет. Чечимдин негизги максаты ички рынокту камсыз кылуу жана баалардын өсүшүн токтотуу болуп саналат. Экспорттун өсүшү жана ички рынокко жеткирүүнүн азайышы бийликти кайра катуу чараларга барууга мажбур кылды. Эксперттердин айтымында, дүйнөлүк баалар жогору бойдон калууда, ошондуктан кескин арзандоо күтүлбөйт. Бирок биржада баалар…

Кененирээк

Казакстандан импорттолгон 25 тонна пияз артка кайтарылды

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине караштуу Баткен башкармалыгынын “Ак-Тилек автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда 2026-жылдын 29-мартында Казакстан Республикасынан импорттолуп кирген 25 тонна пияз продукциясы фитосанитардык көзөмөлдөө учурунда продукциянын таңгагында маркировка жок экендиги аныкталган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 чечимине…

Кененирээк

Украина жакыр өлкөлөрдөн жалданма жоокерлерди тартууга өттү

Бул тууралуу Россия ТИМинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник билдирди. «Булар кесипкөй аскер эмес. Колумбиялыктар менен бразилиялыктар акча табуу максатында макул болуп жатышат”, — деди ал. РФ Коргоо министрлиги буга чейин бир нече жолу Киев чет элдик жалданма жоокерлерди колдонуп жатканын билдирген. Акча үчүн согушка келгендер украин аскерлери абалды жакшы координациялай албаганын, аман калуу…

Кененирээк

Кытайдын Гуанчжоу шаарынан Бишкекке аба каттам ачылды

Жекшемби күнү China Southern Airlines авиакомпаниясы тарабынан аткарылган алгачкы каттам менен 134 жүргүнчү Бишкекке учуп келип, кайра 104 жүргүнчү учуп кетти. Гуанчжоу – Бишкек – Гуанчжоу багытындагы каттам аптасына эки жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Белгилей кетсек, China Southern Airlines компаниясы Бишкектен Бээжин шаарына жумасына алты жолу каттам аткарат.

Кененирээк

Сезим Жуманазарова Ташкенттеги турнирде атаандашын жеңди

Кыргызстандык балбан Ташкентте өтүп жаткан PWL күрөш лигасынын турниринде өзбекстандык Лайлохон Собированы 9:3 эсеби менен жеңип алды. Балбандар 59 кг салмак категориясында күч сынашты.

Кененирээк

Шаардык сот «Кемпир-Абад» иши боюнча айыпталгандарды актады

Бишкек шаардык соту «Кемпир-Абад» иши боюнча айыпталып жаткандарды актаган чечимди күчүндө калтырды. 27-марттагы отурумда тараптардын жарыш сөзү угулду. Мамлекеттик айыптоочулар Кемпир-Абад ишин кароону кайрадан райондук сотко жиберүүнү өтүнгөн. Ал эми айыпталгандар актоону суранышкан. 2022-жылы октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 адам — саясатчы, укук коргоочу жана активист кармалган. 2024-жылы Биринчи…

Кененирээк

Кыргызстан өз акчасын чыгара баштады

Бүгүн өлкө үчүн өзгөчө маанилүү учур — Кыргызстан алгачкы жолу улуттук валютасын өз аймагында басып чыгара баштады. “Өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу улуттук валютабыз – сомду өзүбүз басып чыгара баштадык. Буга чейин чет өлкөлөргө буйрутма берип бастырып келген элек. Эми тескерисинче, башка мамлекеттердин акчаларын дагы буйрутма менен биз басып берүү деңгээлине чыктык”, — деп жазды Садыр…

Кененирээк