Эттин баасын көтөргөн 178 адамга айып салынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы эттин баасын көтөргөн 178 учурду аныктап, 668 миң сом айып салды. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Женалы Орозбаев парламенттин жыйынында билдирди. Буга чейин уй эти 680 сомдон, ал эми кой эти 670 сомдон кымбат болбошу керек деген эреже кирген.

Кененирээк

Улуттук Банк кирешесин толугу менен бюджетке которот

Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук банктын пайдасын республикалык бюджетке которуу тууралуу конституциялык мыйзам долбоорун талкуусуз, дароо 3 окууда жактырды. Мыйзамга ылайык, Нацбанк өз кирешесинин 100%ын көз карандысыз тышкы аудит тастыктагандан кийин республикалык бюджетке өткөрөт. Алдын ала эсеп боюнча, которула турган сумма 50 млрд сомго жакын болушу мүмкүн. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, бул каражаттар социалдык маанилүү чыгымдарды…

Кененирээк

Оштогу Тешик-Таш базары жаңы базарга көчүрүлөт

Таңкы рейддин жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Тешик-Таш базарынын аймагын жеринен көрүп чыгып, учурдагы абалы менен таанышты. Анын жыйынтыгында тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине жакынкы күндөрү базарды белгиленген талаптарга ылайык жаңы базарга көчүрүү боюнча тапшырма берди. Шаар башчысы базардын башаламан жайгашуусу жол кыймылына тоскоолдук жаратып жатканын, жарандардын коопсуздугуна коркунуч туудуруп, санитардык-гигиеналык талаптар сакталбай жатканын белгилеп, базардын…

Кененирээк

Кыргызстандагы алгачкы шамал электр станциясы иштей баштады

Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы шамал электр станциясы расмий түрдө жалпы тармакка алгачкы мегаватттарды бере баштады. Бул тууралуу «Жашыл» станциялар ассоциациясынын жетекчиси Кундуз Кырбашева билдирди. Шамал электр станциясы Балыкчы шаарында жайгашкан. Объект 100 мегаватт кубаттуулукка эсептелип, жылына 250 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Маалыматка ылайык, станция Ысык-Көл облусун энергия менен камсыздап, ашыкча көлөмү CASA-1000 эл…

Кененирээк

«Ош» базардын аймагы паркка айланып, «Кыялдын» ордуна оорукана салынат

Мындай маалыматты президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев соодагерлер менен жолугушуу учурунда айтты. Соодагерлер 1-августтан калбай, жаңы курулуп жаткан базар толук даяр болгондо гана көчүрүлөт. Туманбаев шаардан жаңы базарга чейин каттай турган 180 автобус сатып алынганын кошумчалады.

Кененирээк

Касымалиев Бириккен Араб Эмирликтеринде кыргызстандыктар ачкан заводго барды

Epos Water Production LLC ишканасы бөтөлкөдөгү ичүүчү суу жана суусундуктарды чыгарат. Минкаб төрагасы БАЭде өндүрүштүк ишкана ачуу профессионалдуулукту, стратегиялык ой жүгүртүүнү жана өнөктөштөрдөн ишенимди талап кылган олуттуу кадам экенин белгиледи. «БАЭ рыногу дүйнөдөгү эң динамикалуу өнүгүп жаткан рыноктордун бири, ага кыргызстандык компаниянын кириши биздин продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жана улуттук бизнесибиздин жетилгендигинин көрсөткүчү», — деди Касымалиев….

Кененирээк

Калктын саны Кыргызстанда 7,39 млн адамдан ашты

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2025-жылдын 1-декабрына өлкөнүн туруктуу калкы 7 395 000 адам болду. 2025-жыл ичинде өсүү:— Январь–ноябрь айларында калк саны 112 800 адамга көбөйгөн (1,5%)— Өсүү негизинен табигый көбөйүүнүн эсебинен келип чыккан.

Кененирээк

Бишкек мэриясы үчүн жаңы имарат курулат

Бул тууралуу вице-мэр Азамат Кадыров билдирди. Анын айтымында, долбоор 2020-жылы эле иштелип чыккан, бирок курулуш быйыл башталат. Жаңы объект муниципалитеттин азыркы имаратынын арткы бөлүгүндө, Киев көчөсүндө жайгашат. Иштер кийинки жумада башталат деп күтүлүүдө. Анда жер алдындагы унаа токтотуучу жай дагы каралат.

Кененирээк

Автоунааларды техникалык кароо Президенттин иш башкармалыгына өттү

Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Чечим өлкөдө транспорттук каражаттардын техникалык абалына мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана жолдогу коопсуздукту камсыздоо максатында кабыл алынганы кабарланды. Жарлыкта ошондой эле, Президенттин иш башкармалыгына техникалык кароо кызматынын баасын туруктуу кармоо, калкты тейлөө сапатын жакшыртуу жана ачык-айкын мамлекеттик каттоо системасын түзүү тапшырмасы берилди.

Кененирээк

Окуучуларды жалпы республикалык тестке даярдоо үчүн тиркеме иштелип чыкты

Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Долбоор тест материалдарына бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга жана өлкөнүн бардык абитуриенттери үчүн тең даярдык мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө багытталган. Тиркемеде ЖРТга кирген бардык предметтер боюнча суроолор жайгаштырылат. Тапшырмалар мурунку жылдарда Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлгөн тесттердин негизинде иштелип чыгууда.

Кененирээк