«Адахан» шахтасы урап, ичинде калган адамдар куткарылды
Баткен облусунун Сүлүктү шаарында “Адахан” шахтасы урап, ичинде адамдар калып калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын куткаруучулары шахтанын 110 метр тереңинде калган 4 адамдын өмүрүн сактап калышты. Куткаруучулар алгач жер алдында калган Сүлүктү шаарынын тургундарын дем алдыруу максатында, түтүк менен жер алдына аба жеткиришкен. Күжүрмөндүк менен уранды тазаланып, кенчилерди чыгарууга жол ачып, түнкү…

