Автожолдордо «Автоураган» иштей баштады — алар кайда орнотулган жана эмнелерди каттайт
Кыргызстанда «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында «Автоураган» аппараттык-программалык комплекстерин ишке киргизүү уланууда. ИИМдин маалыматына ылайык, 2026-жылдын башынан тартып алар Бишкекте, ошондой эле Бишкек — Кордай, Бишкек — Нарын — Торугарт, Бишкек — Балыкчы — Чолпон-Ата — Каракол жана Бишкек — Ош жолдорунун Чүй облусундагы тилкелерине орнотулду. Бул комплекстер тагылбаган коопсуздук курун, каршы тилкеге чыгууну, ылдамдыкты ашырууну,…


