Албаниядагы эл аралык мелдеште кыргыз балбандары эки коло медаль утту

Тирана шаарында өткөн рейтингдик турнирде Үзүр Жусупбеков менен Раззак Бейшекеев коло медалга ээ болду. Жусупбеков 97 килограмм салмакта күрөшсө, Бейшекеев 72 килограмм салмак ченинде күч сынашты. Аталган мелдеште килем үстүнө Кыргызстандын атынан Акжол Махмудов, Улан Муратбек уулу, Курманбек Жапаров, Амантур Исмаилов, Ырыскелди Максатбек уулу жана Мелис Айтбеков да чыкты. Бирок байгелүү орундарга илешкен жок.

Кененирээк

Мээрим Жуманазарова Албаниядагы турнирде күмүш медаль тагынды

Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта финалга чыгып, алтын байге үчүн болгон беттеште болгариялык Юлиана Яневага 2:0 эсебинде утулуп калды. Дагы бир кыргызстандык балбан Гүлнур Таштанбекова 65 килограммга чейинки салмакта коло медаль тагынды. Ал индиялык Апекша Патилди 4:3 эсеби менен жеңип алды. MUHAMET MALO–2026 рейтингдик турнири ушу тапта Албаниянын Тирана шаарында өтүп жатат.

Кененирээк