Эми балдар жана майыптыгы бар адамдар акысыз балык уулай алышат

Айыл чарба министрлиги балык уулоонун жаңы эрежелери бекитилип, ишке киргенин кабарлады. Ага ылайык, I, II жана III топтогу майыптыгы бар жарандар, Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар жана 14 жашка чейинки өспүрүмдөр акысыз балык уулай алат. Аларга бир суткада 2,5 килограммга чейин балык кармоого уруксат берилет.

Кененирээк

Жарамазан айткан балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында рейд иштери жүрүүдө

Ош шаарында коомдук жайларда, көчөлөрдө жол кыймылына тоскоол жаратып, Орозо айында жарамазан айткан балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында рейддик иштер жүргүзүлүүдө. Анын алкагында түндө көчөдө жүргөн балдарга, ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилүүдө. Белгилей кетсек, рейд иштери 28-февралдан 3-мартка чейин улантылып, шаардын бардык аймагы текшерүүгө алынат.

Кененирээк