Кыргызстанда банктарды бирдиктүү тез төлөм системасына бириктирүү сунушталды
Улуттук банк Кыргызстандын тез төлөмдөр системасы (СБП) боюнча жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Жаңы система аркылуу жарандар жана компаниялар акчаны 24/7, реалдуу убакыт режиминде, кайсы банкта эсеп ачылганына карабастан которо алышат. Акча которуу үчүн алуучунун телефон номери, улуттук стандарттагы QR-код, эсеп же банк картасынын номери сыяктуу бирдиктүү идентификатор колдонулмакчы. Система банктарды, төлөм уюмдарын жана алардын…


