UWW: Эрназар Акматалиев жаңы рейтингде 1-орунга чыкты
Ал 2025-жылдын жыйынтыгы менен 5-орунда болчу. Жаңы рейтинг Бишкекте өткөн Азия чемпионатынан кийин түзүлдү. Анда кыргыз балбаны эркин күрөш боюнча 70 кг салмак даражадагылар арасында коло медаль уткан.


