Бишкекте 5-октябрда мектептер жана бюджеттик мекемелер онлайн иштейт

Бишкекте 5-октябрда мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, министрликтер, бюджеттик жана билим берүү уюмдары онлайн форматта иштейт. Мындай чечим жаңы «Бишкек Арена» стадионунун ачылышына байланыштуу кабыл алынды. Иш-чарага 65 миңге чейин көрүүчү келери күтүлүүдө. Шаарда унаалардын агымы көбөйүп, жол тыгындары жаралышы мүмкүн. Онлайн формат жолдорго түшкөн жүктү азайтып, мекемелердин жана окуу процессинин үзгүлтүксүз иштешине шарт түзөт.

Кененирээк

“Бишкек Арена” футбол стадионунан 500 метр радиуста үч кабаттан бийик имарат курууга тыюу салынат

Чектөө токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн объектилерге жайылтылбайт. Бул чаралар стратегиялык объектинин коопсуздугун камсыз кылуу жана анын иштөө, эксплуатациялоо режимин тактоо максатында кабыл алынган.

Кененирээк