БДССА-79дун алкагында Кыргызстан климат жана ден соолук маселелери боюнча сунуштарын тааныштырды

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Панъевропалык климат жана ден соолук боюнча комиссиясы тарабынан уюштурулган климат жана ден соолук маселелерине арналган министрлердин иш-чарасына катышты. КР Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы өз сөзүндө климаттын өзгөрүшү туруктуу өнүгүү жана саламаттык сактоо тутумдары үчүн, өзгөчө тоолуу…

Кененирээк

Саламаттык сактоо министрлигине аялдардын ден соолугу үчүн керектүү 18,4 млн сомдук дарылар тапшырылды

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине ЮНФПА тарабынан «Мизопростол» дарысынын 350 миң таңгагы берилди. Министрликтин маалыматына ылайык, бул гуманитардык жардам энелердин ден соолугун коргоо системасын чыңдоого жана аялдар үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Дары каражаты өлкө боюнча 104 саламаттык сактоо уюмуна бөлүштүрүлөт. «Мизопростол» медициналык-социалдык тобокелдик тобуна кирген репродуктивдүү курактагы аялдарга акысыз берилет.

Кененирээк

Кыргызстанда «Ооз көңдөйүнүн ден соолук күнү» акциясы өтөт

Эртен, 2026-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасында 20-мартта жыл сайын белгиленүүчү Ооз көңдөйүнүн саламаттыгынын эл аралык күнүнө карата «Ооз көңдөйүнүн саламаттык күнү» аттуу акция өткөрүлөт. Акциянын алкагында Кыргыз Республикасынын стоматологдору төмөнкү кызматтарды көрсөтүшөт:

Кененирээк

Эркектердин ден соолугу акысыз текшерилет

Кыргызстанда 1-февралдан тарта эркектердин ден соолугун текшерүү боюнча «Жооптуу бол!» аттуу бир айлык башталды. Кампания 18 жаштан жогору эркектер арасында инфекциялык эмес ооруларды аныктоого жана дарттын алдын алууга багытталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Бир айлыктын алкагында үй-бүлө ээлери жашаган жери караган Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна же ФАПтарга кайрылышы керек. Өткөн 2025-жылы өлкө боюнча 973…

Кененирээк