Жарамазан айткан балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында рейд иштери жүрүүдө

Ош шаарында коомдук жайларда, көчөлөрдө жол кыймылына тоскоол жаратып, Орозо айында жарамазан айткан балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында рейддик иштер жүргүзүлүүдө. Анын алкагында түндө көчөдө жүргөн балдарга, ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилүүдө. Белгилей кетсек, рейд иштери 28-февралдан 3-мартка чейин улантылып, шаардын бардык аймагы текшерүүгө алынат.

Кененирээк

Жарамазан кайырчылыкка айланбашы керек

Бишкек шаарынын вице-мэри жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү. Ал түнкүсүн ата-энесиз жүргөн балдарга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле өспүрүмдөрдү кайыр сураганга тарткан кафе-ресторандардын жоопкерчилиги караларын билдирди. Вице-мэр жарамазан салты кайырчылыкка айланбашы керектигин айтып, ата-энелерди балдарын көзөмөлсүз калтырбоого чакырды.

Кененирээк