Кыргызстанда ак илбирстердин саны 550дөн ашты

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Райымкулова билдирди. Анын айтымында, өлкөдө 2030-жылга чейин ак илбирсти сактоо боюнча план кабыл алынып, жалпы аянты 792 миң гектар болгон «Ак илбирс» коридору түзүлгөн. Бул чаралар жаныбарларды коргоого багытталган.

Кененирээк

Өткөн жылы жаратылышка зыян келтиргендерге 73 млн 710 миң сом айып салынды

Жаратылыш министрлиги жыл аягына чейин анын 66 млн 145 миң сому өндүрүлгөнүн кабарлады. Жаратылышка зыян келтирген жалпы 10 миң 666 учур катталган. Анын арасында көп катталган мыйзам бузуулар абаны булгоо жана мыйзамсыз аң улоого байланыштуу.

Кененирээк