Кыргыз-казак чек арасында жер титиреди

Бүгүн саат 05:26да Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жер титирөө катталды.Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Күнгөй Ала-Тоо кырка тоолорунда жайгашып, күчү 3 баллга жеткен. Тактап айтканда, Ысык-Көлдүн Григорьевка айылынан түндүктү көздөй 23 чакырым, Кожояр айылынан түндүк-батышка карай 22 чакырым жана Ананьево айылынан түндүк-батышка карай 26 чакырым аралыкта жайгашкан.Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү сезилген эмес.

Кененирээк