Министрлер кабинети Кыргызстандагы күйүүчү майдын запастарын жана берилишин өзгөчө көзөмөлгө алды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун жетекчилиги астында «Ынтымак Ордо» резиденциясында энергетиктер жана мунай трейдерлери менен жыйын өттү. Жолугушуунун негизги темасы калкты күйүүчү май менен камсыздоонун жеткиликтүүлүгү жана өлкөнүн стратегиялык объекттерин камсыздоодогу мүчүлүштүктөрдү алдын алуу болду. Катышуучулар мунай продуктуларын импорттоонун логистикасын талдап, учурдагы мезгилди туруктуу өткөрүү үчүн базаларда КММнын керектүү көлөмү бар экенин тастыкташты….


