Министр Кулубаев Москвада Борбор Азия жана РФ ТИМ башчыларынын жыйынына катышты

Иш-чаранын жүрүшүндө ТИМ жетекчиси экономика, соода, энергетика, транспорт, экология жана аймактык коопсуздукту чыңдоо багыттарында өнөктөштүктүн стратегиялык маанисин белгилеген. Министр кооптуулуктарга каршы биргелешкен аракет менен каршы турууга чакырып, өз ара соода менен жүк ташууга тоскоолдук жараткан чектөөлөрдү жоюунун зарылчылыгына көңүл бурду. Жыйын соңу менен ТИМ башчылары тараптардын кызыкчылыгын туудурган маселелер боюнча пикир алмашууну улантууну макулдашышкан.

Кененирээк

Министр Жээнбек Кулубаев Стамбул шаарындагы КР Башкы консулдугуна барды

2026-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугуна барды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобеков жана консулдуктун кызматкерлери катышты. Министр консулдуктун имаратында жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштеринин жыйынтыгы менен таанышып,…

Кененирээк