Кыргызстанда алгачкы жолу үй-бүлөлүк зомбулук жасаган 15 кишиге электрондук билерик тагылды
Юстиция министри Аяз Баетов долбоор Октябрь районунда сыналып жатканын, анын алкагында зомбулук көрсөткөндөргө 20 күндөн 3 айга чейин электрондук билерик же мобилдик тиркеме тагыларын белгиледи. Тутум GPS аркылуу байкоону жана Face ID менен үзгүлтүксүз текшерүүнү камтыйт. Министр кийинки жумадан тарта долбоор өлкө боюнча жайылтыларын кошумчалады.
