Кыргызстандагы 70 миң таксисттин ичинен 15 миңи эле лицензия алды

Мындан улам Ички иштер министрлиги лиценция алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү сунуштоодо. Тактап айтканда, тизмедеги төмөнкү документтерди алып салуу каралууда: салыктар, салыктан тышкаркы кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын бар/жогу жөнүндө аныктама, автотранспорт каражатын башкаруу укугуна ишеним кат жана соттолбогондугу тууралуу аныктама. Ошондой эле эми май айынан тартып такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензияны «Түндүк» тиркемеси аркылуу да…

Кененирээк

Майдан тарта такси үчүн лицензияны “Түндүк” аркылуу алса болот

Октябрь Урманбетов талап кылынган документтердин ичинен соттолбогондугу тууралуу маалымкат, ишеним кат жана салык карызы жоктугу боюнча маалымат алып салынарын белгиледи. ИИМ башчысынын орун басары 20-майдан тарта процесс толугу менен онлайн болорун билдирди. Министрдин орун басары учурда жеке ишкерлерге 15 миң лицензия, юридикалык жактарга 410 лицензия берилип, дагы 635 арыз каралып жатканын кошумчалады. Мындан тышкары, жыл…

Кененирээк

Нарын шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн 4 кабат жаңы имараты ачылды

Ачылыш аземге Садыр Жапаров катышты. Президент бүгүнкү иш-чарада ИИМге тиешелүү дагы 26 объект онлайн ачылып, аларды дагы ишке кирерин билдирди. «Жер-жерлерде жаңы ачылып жаткан “Айылдык бөлүмчөлөрдүн” өзгөчөлүгү — бир жагында кызматкердин иш бөлмөсү болсо, экинчи жагында ошол эле кызматкер үй-бүлөсү менен жашоого бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп, атайын долбоор менен курулган. Кызматкерлер батирден-батирге көчүп же дагы…

Кененирээк

ИИМ Камчыбек Ташиев сурак берип жатканын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 19-мартта Кыргызстанга учуп келип, Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип жатат. Маалыматка ылайык, Ташиев эки кылмыш иши боюнча күбө катары сурак берип жатат. Анын бири — «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупциялык иштерге байланыштуу. Экинчиси тууралуу маалымат берилген жок.

Кененирээк

ИИМ Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас суракка чакырылганы тууралуу маалыматты төгүндөдү

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев милицияга суракка чакырылганы тууралуу маалыматты төгүндөөдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Султан Макилов «Азаттыкка» билдирген. Ал «Кыргызнефтегаз» ишканасы боюнча иш козголгонун ырастап, анын алкагында бир нече адам суракка чакырылганын маалымдады, арасында Тай-Мурас Ташиев болбогонун айтты. Буга чейин…

Кененирээк

Камчыбек Ташиевдин уулуна карата кылмыш иши козголду

Бул тууралуу күч органдарындагы булактар кабарлады. Маалыматка караганда, Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш иш ИИМ тарабынан козголгон. Буга чейин Салык кызматы «Өз кишилер үчүн нефть: «Кыргызнефтегазды» кандайча талкалашкан?» аттуу иликтөө жарыялап, ишканадан мунай өндүрүп сатуудагы коррупциялык схема аныкталганын иликтеп чыккан. Анда «Кыргызнефтегаздын» кирешеси Ташиев менен байланышы бар ортомчу компаниялар аркылуу атайын кызматтын мудагы башчысынын үй-бүлөсүнө түшүп…

Кененирээк

ИИМ автомектептин директорунун кармалышы боюнча комментарий берди

Бишкекте коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүүгө багытталган материалдарды таратуу фактылары аныкталганын Ички иштер башкы башкармалыгы билдирди. «2026-жылдын 27-январында социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда»meder.tagaibekovich» аттуу колдонуучунун Instagram баракчасынан кыргыз бийлигин каралоого жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталган билдирүүлөр табылган. Бул билдирүүлөрдүн тегерегиндеги талкууларда социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары социалдык кырдаалдын туруксуздашуусуна жана массалык баш аламандыкка алып келиши мүмкүн болгон чакырыктарды…

Кененирээк