Кытайлык компаниялар Кыргызстандын курулуш тармагына инвестиция салууга кызыкдар

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдын Guipai Holding Group, Hunan Jingwei Real Estate Development жана «Инвесфонд Тенгри Инвест» компанияларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушууда турак жай курулушу, кыймылсыз мүлк, шаардык комплекстер, инженердик жана социалдык инфраструктура долбоорлору талкууланды. Сүйлөшүүлөрдө кытайлык компаниялар Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирип, инвестицияларды коргоо, бизнес жүргүзүү шарттары жана…

Кененирээк

Бакыт Төрөбаев: Өлкө боюнча 200 ири долбоор тандалып жатат

Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өлкө боюнча 200 ири долбоор тандалып жатканын президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү билдирди. Бакыт Төрөбаевдин айтымында, ири долбоорлор ар бир райондон алынат. “Тандагандан кийин инвесторлорду тартып, көрсөтөбүз. 2030-жылга карата өлкөнүн ИДПсы 30 млрд доллар болуш керек. Президент дүйнөнүн өнүккөн 30 мамлекеттине кирүү тапшырмасын койгон. Бул долбоорлор Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө түрткү…

Кененирээк

Жогорку Кеңештин комитети «Товардык биржалар жөнүндө» мыйзам долбоорун колдоду

Бүгүн, 30-марттагы Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген «Товардык биржалар жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Кайрат Маматов тааныштырды. Ал белгилегендей, мыйзам долбоорунун кабыл алынышы укуктук боштукту жоюп, биржа соода-сатыктарынын катышуучуларынын ортосундагы мамилелерди…

Кененирээк

Кыргызстанда өнөр жай зоналары түзүлөт

«Өнөр жай зоналары жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктура куруу жана инвестиция тартуу үчүн атайын аймактарды түзүүнү карайт. Өнөр жай зонасын түзүү чечимин Министрлер кабинети кабыл алат. Анда аймактын өзгөчөлүктөрү, инфраструктура муктаждыгы, каржылоо булактары жана потенциалдуу инвесторлор көрсөтүлүшү керек. Зоналар шаар ичинде да, сыртында да жайгаша алат. Жер тилкелери талашсыз болуп,…

Кененирээк

«Газпром Кыргызстан» ТЭЦ-2ни газга өткөрүүгө даярдык көрүлүп жатканын билдирди

«Газпром Кыргызстан» 2027-2028-жылдардагы жылытуу мезгилинде ТЭЦ-2ге газ бере баштоону пландап жатат. Компания газ жеткирүү боюнча келишимге кол коюп, инвестициялык программаларын ошол мөөнөткө ылайыкташтырганын, ошондой эле коңшу өлкөлөр менен магистралдык транспорттук кубаттуулуктарды куруу боюнча макулдашуулар бар экенин билдирди. Долбоордун максаты — электр энергиясынын тартыштыгын жоюу жана өндүрүш булактарын борбордон ажыратуу. ТЭЦ-2 совет доорундагы башкы планга ылайык…

Кененирээк