Садыр Жапаров «Медимпекс» медициналык багыттагы буюмдарды чыгаруучу компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышты
Президент Садыр Жапаров 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө «Медимпекс» медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүчү компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ишкана автоматташтырылган технологияларды колдонуу менен заманбап медициналык продукцияларды чыгарат. Долбоорго салынган жалпы инвестициянын көлөмү 268 млн 550 миң сомду түздү, анын ичинде компаниянын өз каражаттары, ошондой эле фонддордон жана банк секторунан тартылган ресурстар бар.


