Камчыбек Ташиев сурактан чыкты

Ички иштер министрлиги билдиргендей, ал суракка күбө катары чакырылган. Маалыматка ылайык, Ташиев милицияда бир нече саат болуп, «Кыргызнефтегаздагы» коррупция иши боюнча тергөө алкагында сурак берген. Медиа каражаттары жазгандай, ал маалыматты ачыкка чыгарбоо тууралуу тил катка кол койгон. Иш боюнча башка маалыматтар азырынча ачыктала элек. Эске салсак, бүгүн эрте менен анын учуп келгени жана дароо суракка…

Кененирээк

ИИМ Камчыбек Ташиев сурак берип жатканын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 19-мартта Кыргызстанга учуп келип, Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип жатат. Маалыматка ылайык, Ташиев эки кылмыш иши боюнча күбө катары сурак берип жатат. Анын бири — «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупциялык иштерге байланыштуу. Экинчиси тууралуу маалымат берилген жок.

Кененирээк

Президент: «К.Ташиев мамлекеттик кызматка келбейт»

Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев менен мамилеси тууралуу суроого жооп берип, мурдагы позициясында калганын билдирди. Анын айтымында, алар дос бойдон кала берет. Бирок Ташиев мындан ары мамлекеттик кызматка келбейт. “Дос эс алсын, ден соолугун карасын. Тегерегиндеги айрым адамдардан арылып, тазалансын. Тергөө органдары баарын тактап берет”, — деди президент. Мамлекет башчы азыр бул чечимге Ташиев таарынышы…

Кененирээк

Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келди

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкеке түндө келип түшкөнүн анын тарапташтары жазууда. Аэропорттон тосуп алышкан видеосун region маалымат булагы жайгаштырды. Буга чейин Камчыбек Ташиевди Кыргызстанга конгонго уруксат бербей жатышыптыр», деген айың кептерди четке каккан анын тарапташ журналисти Нургазы Анаркулов, УКМКнын экс төрагасы катары авиакаттам менен эле учуп келе жатканын жазган.

Кененирээк

Күзөт кызматы: Камчыбек Ташиевдин коопсуздугун камсыз кылуу уланат

Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Сыргак Бердикожоев Камчыбек Ташиев мамлекеттик кайтаруудагы адам экенин жана мындан ары дагы анын коопсуздугун камсыз кылуу уланарын билдирди. “Социалдык тармактарда Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу боюнча жарандар билдирип жаткан тынчсыздануулар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эске алынууда. Президент Садыр Жапаров тиешелүү тапшырмаларды берди.Камчыбек Ташиев мурда кайтарууга алынган адам болгон жана анын жеке коопсуздугун камсыз…

Кененирээк

Камчыбек Ташиев кызматтан алынганы боюнча кайрылуу жасады

Аны журналист Нургазы Анаркулов жарыялады. Кайрылууда Ташиев президенттин уруксаты менен Германияга дарыланганы барганын, иштен алынганы ал үчүн күтүүсүз болгонун белгилеген.  “Кандай болгон күндө да президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиз, эли-журтубуз, президентибиз алдында ак кызматымды өтөдүм жана сыймыктанамын! Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүрөт! УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдиремин, ийгилик каалаймын! Ал эми…

Кененирээк

Ш. Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинин базасында жаңы спорт комплекси ачылды

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарындагы Ш. Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинин жаңы спорт комплексинин, ошондой эле капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн жатакана, мечит жана тарбия корпусунун ачылышына катышты. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бузурман Багышбеков, колледждин жетекчилиги, окутуучулары, машыктыруучулар жана тарбиялануучулар катышты. Заманбап борбордо спорт менен…

Кененирээк