Кыргызстандын каржы сектору 2025-жылы 44,6 млрд сом тапты

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, негизги кирешени коммерциялык банктар камсыздады — 35,7 млрд сом. 25 банктын 21и жылды пайда менен жапса, үчөө чыгашага учураган, дагы бири нөлдүк жыйынтык көрсөткөн. Бирок кайсы банктар чыгашага кеткені ачык айтылган жок. Каржы секторундагы эң ири сегмент болгон насыялык уюмдар дагы 6,7 млрд сом киреше тапты, бирок алардын арасында нөлдүк…

Кененирээк

Министрлер кабинети «үй-бүлөгө көмөк» ай сайынкы жөлөкпулун дайындоо тартибин өзгөрттү

« Негизги өзгөрүү — муктаждыкты аныктоодо колдонулган кепилденген минималдык киреше 1000 сомдон 500 сомго чейин төмөндөтүлдү. Бул көрсөткүч үй-бүлөнүн жөлөкпул алууга укугу бар же жок экенин аныктоодо негизги роль ойнойт», — деп жазат Economist.kg сайты. Өзгөртүүлөр 2018-жылдын 29-июнундагы №307 токтомуна киргизилди. Жаңы нормалар жөлөкпул берүү тартибин жана муктаждык критерийлерин тактайт. Эми жөлөкпул үй-бүлөнүн жашоо шартын…

Кененирээк

«Кыргызалтын» 2025-жылы 18,7 млрд сом таза киреше тапкан. Өкмөт башчы ишкананын иши менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты.  Алгач МинКаб Төрагасына “Кыргызалтын” ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов компаниянын Алтын куймаларын сатуу боюнча фирмалык дүкөнүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Маалыматка ылайык, жыл жыйынтыгы боюнча дүкөндүн кирешеси 855 млн сомдон ашып, алтын куймаларга болгон суроо-талаптын жогору экендиги…

Кененирээк

Туризмден түшкөн киреше 1 млрд доллардан ашты

Статком бул былтыркы жылдын көрсөткүчү экенин, ал мурдагы жылдагыдан 8,1%га жогору экенин билдирди. Маалыматка ылайык, туризм экономикадагы маанилүү тармактардын бири болуп, ИДПдагы үлүшү 3,8%ды түздү. Жалпы кошумча нарк 74,4 млрд сомго жеткен. Учурда тармакта 129 миңге жакын чарба субъектилери иштеп, жумуш орун түзүүгө жана региондордун өнүгүшүнө салым кошууда.

Кененирээк

Улуттук Банк кирешесин толугу менен бюджетке которот

Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук банктын пайдасын республикалык бюджетке которуу тууралуу конституциялык мыйзам долбоорун талкуусуз, дароо 3 окууда жактырды. Мыйзамга ылайык, Нацбанк өз кирешесинин 100%ын көз карандысыз тышкы аудит тастыктагандан кийин республикалык бюджетке өткөрөт. Алдын ала эсеп боюнча, которула турган сумма 50 млрд сомго жакын болушу мүмкүн. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, бул каражаттар социалдык маанилүү чыгымдарды…

Кененирээк

Баткенде дыйкан кулпунайдан жыл бою түшүм алып, килограммын 2000 сомдон сатууда

Баткен облусунун Мин-Чынар айылынын тургуну, 31 жаштагы дыйкан Кубаныч Барат уулу акыркы төрт жылдан бери кулпунай өстүрүү менен алектенип, туруктуу киреше табууда. Аймакта мындай дыйканчылык сейрек кездешкенине карабастан, Кубаныч Барат уулу кулпунайды жыл бою — кышында да, жайында да өстүрүүнү ийгиликтүү жолго койгон. Бул багыт айыл чарбасында жогорку киреше алып келүүчү альтернатива катары бааланып, дыйканчылыкты…

Кененирээк

Бажы кызматы өткөн жылы 157 млрд сомдон ашык киреше тапты

Мамлекеттик бажы кызматы 2025-жылы 157,4 млрд сом киреше тапты. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 6 эсеге көп: ал жылы кызмат 28 млрд сом чогулткан. Бул маалыматтар Бажы кызматынын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегияда айтылды. Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев өсүштү «Смарт бажы» санариптик платформасынын ишке кириши менен байланыштырды. Анын айтымында, бул система ажырымдарды кыскартып, көмүскө ишмердүүлүктү азайтууга шарт…

Кененирээк