Шаирбек Ташиев коррупцияга айыпталып кармалды
ИИМ мурдагы УКМК башчысынын иниси “Кыргызнефтегаздагы” миллиарддаган каражаттын кымырылышына шектелип жатканын кабарлады. Шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
ИИМ мурдагы УКМК башчысынын иниси “Кыргызнефтегаздагы” миллиарддаган каражаттын кымырылышына шектелип жатканын кабарлады. Шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ал 2022–2023-жылдары Транспорттогу мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борборун жетектеп турганда кол алдындагылардан системалуу түрдө акча алган деп шектелип жатканын УКМКдан кабарлашты. Сыдыгалиев убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмышка тиешелүү башка адамдар аныкталууда.
Атайын кызмат аткаминер системалуу коррупциялык иштерге айыпталып жатканын кабарлады. Ал өткөрүү пунктунда мезгил-мезгили менен жасалма кезек уюштуруп турган. Мындан тышкары, жетекчи ортомчулар аркылуу чет элдиктерден акча алып, Кыргызстанга тоскоолдуксуз киргизип турганы айтылды. Ошондой эле чек арада кылмыштуу ишмердүүлүк менен алектенгендерге колдоо көрсөтүп келгени белгиленди.
Мындай маалымат Улуттук коопсуздук комитети өткөргөн коллегиялык жыйында айтылды. Жемкорлук менен күрөшүүнүн алкагында мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен мүлктөр жана жер тилкелер дагы кайтарылган. Көрсөтүлгөн сумма толугу менен президенттин турукташтыруу фондунун эсебине которулган. Каражаттар мамлекет башчынын буйругу менен социалдык долбоорлорду ишке ашырууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана элдин жашоосун жакшыртууга жумшалат.