Башкаруучулук кызматтарда гендердик тең салмактуулук бекемделет

Жаңы жобого ылайык, саясий, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кадрдык резервди түзүүдө бир жыныстагы өкүлдөрдүн үлүшү 70%дан ашпашы керек. Бул мурда лидерлик орундарга кыйла эле аз көрсөтүлүп келген аялдардын атаандаштыкка жана кызматтан көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүктөрү кеңейет дегенди билдирет. Жарлык 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Кененирээк

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кызматтан алынды

Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Шамырканов Урматбек Муслиновичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

Кененирээк

Президент: «К.Ташиев мамлекеттик кызматка келбейт»

Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев менен мамилеси тууралуу суроого жооп берип, мурдагы позициясында калганын билдирди. Анын айтымында, алар дос бойдон кала берет. Бирок Ташиев мындан ары мамлекеттик кызматка келбейт. “Дос эс алсын, ден соолугун карасын. Тегерегиндеги айрым адамдардан арылып, тазалансын. Тергөө органдары баарын тактап берет”, — деди президент. Мамлекет башчы азыр бул чечимге Ташиев таарынышы…

Кененирээк

Кыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлөт

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Улуттук лабораториялык кызматты түзүү боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйында лабораториялык диагностиканын бирдиктүү жана туруктуу тутумун калыптандыруу, мамлекеттик жана жеке сектор үчүн сапатка, отчеттуулукка жана башкарууга карата бирдей талаптарды киргизүү маселелери талкууланды. Ошондой эле эл аралык стандарттарды колдонуу, мониторинг үчүн санариптик чечимдерди киргизүү жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын тактыгын жогорулатуу каралды. Мындан тышкары, медициналык…

Кененирээк

Жогорку Кеңештин төрагасы кызматтан кетерин жарыялады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 12-февралда кызматтан кетерин жарыялады. Ал мындай чечимди кадрдык алмашууларга байланыштуу кабыл алганын айтты. Бул жеке чечими экенин, эч ким кысым кылбаганын кошумчалады. Нурланбек Тургунбек уулу бул кызматты 2022-жылдан бери аркалап келген. Мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгында ал 2025-жылдын декабрында кайра шайланган.

Кененирээк

Санарип кызматтардын милдеттерине өзгөртүүлөр киргизилди

Министрлер кабинети санариптештирүү жаатындагы бир катар токтомдорго өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул чечим президенттин иш башкармалыгына караштуу жаңы мамлекеттик «Кызмат» мекемеси түзүлгөндөн кийин кабыл алынды. Жаңы токтомго ылайык: — Электрондук кол тамгаларды текшерүү үчүн сертификаттарды берүү функциясы 2021-жылдын токтому боюнча «Кызматка» өткөрүлдү;— Бирдиктүү электрондук почта системасында техникалык оператор катары «Инфокомдун» ордуна «Кызмат» иштейт;— 2028-жылга чейин жергиликтүү өз…

Кененирээк