Кыргызстанда тарыхый-маданий мурас объектилерин бузууга жана менчиктештирүүгө тыюу салынды
Президент Садыр Жапаров тарыхый-маданий мурастарды сактоо боюнча жарлыкка кол койду. Атайын тизмеге кирген имараттарды сатууга, менчиктештирүүгө, бузууга, башка жерге көчүрүүгө жана сырткы көрүнүшүн өзгөртүп кайра курууга тыюу салынды. Коргоо аймактарында курулуш жүргүзүүгө да болбойт. Имараттын авариялык абалы же сейсмикалык талаптарга жооп бербегени аны бузууга негиз боло албайт. Мындай объектилерди бекемдөөгө жана консервациялоого гана уруксат берилет….


