Бишкекте «Достук» жана «Саякат» мейманкана комплекстерин масштабдуу реновациялоо башталды
Бишкекте «Достук» мейманкана комплекси жана «Саякат» туристтик комплекси капиталдык оңдоодон өтүп, заманбапташтыруу иштери башталды. Эки долбоор боюнча инвестициянын жалпы көлөмү 30 млн АКШ долларына чейин жетиши мүмкүн. Маалыматка ылайык, Дирекциянын карамагына өткөнгө чейин объекттер көп жылдар бою комплекстүү оңдолгон эмес: инженердик тармактар эскирген, электр тутумдары авариялык абалда болуп, өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген, суу жана…

