Москвада 9-майда мобилдик интернет толугу менен өчүрүлөт
Орусиянын Санарип өнүктүрүү министрлиги 9-майда Жеңиш күнүнө арналган иш-чараларда коопсуздугун камсыздоо максатында Москвада мобилдик интернет толук чектелерин расмий билдирди. “Майрамдык иш-чаралардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Москвада мобилдик интернет, SMS кат алмашуу кызматтары убактылуу чектелет”, —деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө. Мекеме ошондой эле 7-8-май күндөрү Орусиянын борборунда коопсуздукка коркунуч жаралса, интернет “ыкчам тартипте” дагы чектелиши мүмкүн экенин…


