Мугалимдер эми мектепти ремонт кылбайт, көчө шыпырбайт

Агартуу министрлиги мугалимдерди мектептин оңдоп-түзөө иштерине, айрыкча, жайкы эс алуу мезгилинде тартууга тыюу салынганын эскертти. Мугалимдердин негизги милдети — окуучуларга сапаттуу билим берүү жана окуу-тарбия процессин уюштуруу экенин билдирди. 2025–2026-окуу жылында республикалык бюджеттен мектептерди утурумдук оңдоо иштерине 404 млн сом каралган. Агартуу министрлиги ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мугалимдерди көчө тазалоо, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү, короо…

Кененирээк

«Акыркы коңгуроо» иш-чарасына акча чогултууга тыюу салынат

Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарында өткөрүлө турган «Акыркы коңгуроо» салтанатына бүтүрүүчүлөрдөн, ата-энелерден жана мыйзамдуу өкүлдөрдөн акча каражаттарын чогултууга тыюу салынарын эскертти. Мындан тышкары, мугалимдерге же мектеп администрациясына белек алуу үчүн каражат чогултуу, мектептен тышкаркы иш-чараларды уюштуруу, ата-энелерге материалдык басым көрсөтүү мыйзамсыз болуп эсептелет. Агартуу министрлиги мектеп жетекчилерин, мугалимдерди жана ата-энелерди мыйзам талаптарын так сактоого чакырат….

Кененирээк

Бишкекте мугалимди сабаган окуучу бир жылга пробацияга кесилди

Бишкекте мугалимди сабаган мектеп окуучусу бир жылга пробацияга кесилди. Райондук сот 16 жаштагы М.К.А.ны денеге оор залал келтирүү боюнча күнөөлүү деп тапты.Өспүрүм жана анын ата-энеси мугалимден жана коомчулуктан кечирим сурашты.

Кененирээк

Бүгүн билим берүү тармагынын кызматкерлери жогорулатылган айлык акыларын ала башташат

Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 27-апрелде «Биринчи радио» эфиринде билдирди. Анын айтымында, өлкөдө көптөн бери так жана табигый илимдер боюнча адистер жетишсиз болуп келет, ошондой эле математика боюнча функционалдык сабаттуулуктун деңгээли төмөн бойдон калууда. Ушуга байланыштуу мурда адистерди тартуу үчүн 20% теңдөө коэффициенти киргизилген, эми болсо коэффициенттер теңделип, бардык мугалимдерге колдонулат. Ал белгилегендей, буга…

Кененирээк

1-апрелден тартып мугалимдердин эмгек акысы 100% жогорулайт

«STEM предметтеринин мугалимдеринин айлык акылары гана жогорулап, тарых, кыргыз тили жана география мугалимдериники жогорулатылбайт», деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Ошондой эле министрлик бул предметтер боюнча сааттардын кыскарышы тууралуу маалымыттарды четке какты.2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы 100% жогорулайт. «Өлкө башчысынын бул чечими мугалимдердин статусун жогорулатууга жана өлкөнүн өнүгүшүндө…

Кененирээк

Кыргызстанда орус тилин окуткан мугалимдердин саны көбөйтүлөт

Учурда республикада 180ге чейин орус тили жана адабияты мугалимдери иштеп жатат. Бул тууралуу «Россия 24» телеканалына Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов билдирди. Анын айтымында, азыр Кыргызстанда орус тилинде окуткан тогуз жалпы билим берүүчү мектепти куруу боюнча ири президенттик долбоор ишке ашырылууда. «Жыл сайын Кыргыз Республикасында орус тили жана адабияты боюнча…

Кененирээк

Бишкектин Билим берүү департаменти сабактарды эки тилде окутууну көздөөдө

Мекеменин башчысы Рахат Мусаева жаңы конуштарда ачылган орус тилдүү класстарда билим берүүнүн деңгээли төмөн болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, орус класстар үчүн 400дөн ашык мугалим жетишсиз. “Предметтик мугалимдер жетишсиз болууда. Ушуга байланыштуу Билим берүү департаменти Агартуу министрлигине класстарды кыргыз жана орус тилдүү деп бөлбөстөн, айрым сабактарды эки тилде окутуу сунушун киргизген. Демилгеге ылайык, сабактардын бир…

Кененирээк