Кыргызстанда керээз боюнча мурас алууну жеңилдетүү сунушталды

Кыргызстанда керээз боюнча мурас алууну жөнөкөйлөтүүгө багытталган мыйзам долбоору иштелип чыкты. Демилгени бир катар депутаттар көтөргөн. Документке ылайык, керээзде көрсөтүлгөн жарандар маркумдун жакын тууганы болбосо да, анын өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн ала алышат. Азыркы мыйзам боюнча мындай документ негизинен жакын туугандарга гана берилет. Мындан улам керээз боюнча мураскер болгон, бирок туугандык байланышы жок адамдар нотариуска…

Кененирээк

Жогорку Кеңеш «Тынчтык жөнүндө» мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш «Тынчтык жөнүндө» мыйзамга жана башка ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда кабыл алды. Жаңы нормалар ызы-чууга каршы көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган. Документке ылайык, эми кварталдык комитеттер тынчтыкты бузуу фактылары боюнча акт түзө алышат. Бул материалдар милицияга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлүп, кийин айып пул салуу маселеси каралат. Далил катары фото, видео жана башка…

Кененирээк

Кыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү үчүн жаңы мыйзам даярдалууда

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов көмүр казуучу жана экспорттоочу компаниялардын жетекчилери менен жолугушту. Анда тармактагы системалуу реформалар талкууланып, бизнес өкүлдөрү даярдаган жаңы мыйзам долбоору сунушталды. Документ салык салууну жөнөкөйлөтүүнү, иш механизмдерин ачык-айкын кылууну жана тармактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууну көздөйт. Жыйындын жыйынтыгында МСК жана «Кыргыз Көмүр» ААКнын адистери долбоорду карап чыгып, сунуш-пикирлерин даярдап, андан соң…

Кененирээк

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды

11-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды. Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы. Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын колдонуудагы системасын ирээтке келтирүүгө, мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгаруу маселелерин жөнгө салуу жаатындагы укуктук ченемдерди актуалдаштырууга жана өркүндөтүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасында…

Кененирээк

«Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Бүгүн, 9-мартта Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун карап чыгып, биринчи окууда жактырды. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев белгилегендей, мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун максаты…

Кененирээк

Кайырчылык кылгандарга катаал жаза сунушталууда

Ички иштер министрлигинин мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралууда. Тажатма тилемчиликтин деңгээлин төмөндөтүү үчүн аларга айып пул салуу, чет жактан келген кайырчыларды мекенине депортациялоо сунушталууда.

Кененирээк