АКШ Оман булуңунан Ирандын кемеси кармалганын билдирди
Президент Трамптын айтымында, жүк ташыган Touska кемеси АКШнын блокадасынан өтүүгө аракет кылган. Экипаж токтобогондон кийин америкалык аскердик кеме анын машиналык бөлүгүн бузган. Иран бул окуяны мыйзамсыз аракет деп атап, жакында жооп берерин айтты.


