Биринчи класска онлайн каттоо 1-апрелде башталат

Агартуу министрлиги баланы mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу каттоо керектигин кабарлады. Эске алуучу нерсе аталган портал аркылуу мамлекеттик мектептерге гана кабыл алуу жүргүзүлөт. Ал эми онлайн каттоонун экинчи баскычы 1-июнда башталат. Буга чейин министрлик жаңы 12 жылдык билим берүү системасына байланыштуу быйыл 6 жана 7 жаштагы балдардын баары биринчи класска барарын билдирген.

Кененирээк

1-апрелден тарта автоунааларды кайра каттоо «Түндүк» аркылуу онлайн жүргүзүлөт

Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Ош шаарындагы унааларды каттоо борборунун ишин көрүп жатып айтты. Анын айтымында, унааларды алып-сатууну онлайн жүргүзүүгө болот. Ошондой эле ал мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү жыл соңуна чейин алмаштырууга болорун, бул кызмат да аралыктан жеткиликтүү экенин кошумчалады. Мындан тышкары, документтерди жана номерди үйүнө жеткирүү кызматы ишке кирет.

Кененирээк