Бишкекте биринчи “кыргыз” робот ит көрсөтүлдү
Робот ит Бишкекте жасалма интеллект боюнча өткөн көргөзмөдө көрсөтүлдү. Робот жаныбардын аты — Кумайык. Ал кара жорго бийлеп, кыргыз тилинде берилген буйруктарды аткара алат. Иш-чара ШКУ өлкөлөрүнүн IT тармагын өнүктүрүүгө жооп берген министрлик менен ведомстволорунун жетекчилеринин V жыйынынын алкагында өтүүдө.


