К.Досмамбетовдун ордуна жаңы министр дайындалды
Дамирбек Осмонов КР саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал буга чейин кызматтан бошотулган Каныбек Досмамбетовдун ордун басты. Осмонов практик дарыгер жана кардиология боюнча таанылган адис. Дайындоого чейин ал Саламаттык сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкары интервенциялык кардиологу жана аритмологу болуп иштеп, «БИКАРД» клиникасында да эмгектенген. Ошондой эле Бишкектеги Эл аралык медициналык университеттин кардиология кафедрасын…

