Кыргызстан менен Словакиянын билим берүү министрликтери кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту
Братиславада Кыргызстандын Агартуу министрлиги менен Словакиянын Билим берүү, изилдөө, өнүктүрүү жана жаштар министрлиги кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Документке Догдуркүл Кендирбаева менен Томаш Друкер кол койду. Тараптар билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу, STEM багытын, техникалык жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, ошондой эле өнөр жай үчүн адистерди даярдоо маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, Кыргызстандагы 12 жылдык билим…


