«Манас ордо» реконструкциядан кийин ачылды

Бүгүнкү иш-чарага президент Садыр Жапаров да келди. Талас шаарындагы бул комплекстин жалпы аянты 225 гектарды түзөт. Музейдин аянты 450 чарчы метрден 1500 чарчы метрге чейин кеңейди. Эми бул комплекс күнүнө 10 миңге чейинки конокту кабыл ала турган Борбор Азиядагы уникалдуу маданий жай болуп калды. Анын аймагына административдик борбор, 300 орундуу конгресс-холл, коттедждер, жайкы жана кышкы…

Кененирээк

Таласта Ж. Баласагын атындагы КУУнун көп тармактуу институтунун окуу корпусун ачылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун көп профилдүү институтунун жаңы окуу корпусунун ачылыш аземине катышты. Жаңы окуу корпусу ар кандай багыттар боюнча 3000 студентти окутууга ылайыкталган. Имарат заманбап жабдуулар менен камсыздалып, окуу процессине санариптик технологиялар киргизилген. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар…

Кененирээк

«Жашыл Мурас» улуттук кампаниясы: Таласта Тянь-Шань карагайынын 90 миңге жакын көчөтү отургузулду

Таласта «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында 100 гектар жерге Тянь-Шань карагайынын 88 миң көчөтүн отургузуу башталды. Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаевдин айтымында, иштер Талас районунун Талды-Булак айылындагы Чоң-Кошой капчыгайында башталган. Бак тигүүгө облустук мекемелердин кызматкерлери, 500 ыктыярчы, экологдор жана активдүү жарандар катышууда. Жумаев бул демилге жаратылышты коргоого, жашыл аймактарды кеңейтүүгө жана келечек…

Кененирээк

Талас шаарында 40 чакырым жол куруу иштери башталды

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда 12 көчөдө курулуш иштери жүрүп жатат. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев белгилегендей, долбоорду каржылоо республикалык бюджеттен жана Президенттин турукташтыруу фондунан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлүүдө. Быйыл Эгемендүүлүк күнүн салтанаттуу белгилөө иш-чаралары Талас облусунда өткөрүлөт. Курулуш иштери болжол менен 4 айга созулат. Учурда биринчи этапта 12 көчөдө жалпы 28 чакырым…

Кененирээк

Кыргызстандын калкынын саны 7,5 миллионго чукулдады

2026-жылдын 1-февралына карата Кыргызстанда туруктуу жашаган калктын саны 7 млн 413 миң 500 адамды түздү. Анын ичинен Бишкек шаарындагы калктын саны 1 млн 360,6 миң адамга жетти. Ош шаарында — 485,7 миң адам жашайт. Ош облусунда 1 млн 440,3 миң адам жашайт; Жалал-Абад облусунда 1 млн 381,8 миң адам; Чүй облусунда 983,7 миң; Баткен облусунда…

Кененирээк

Таласта 31-августка чейин робот-гиддери бар «Баластан» көңүл ачуу борбору курулат

Таласта «Баластан» аттуу заманбап балдар көңүл ачуу комплексинин курулушу текшерилди. 17 миң чарчы метрлик объект Шамбетова көчөсүндө салынып жатат, курулушту 2026-жылдын 31-августуна чейин — Эгемендүүлүк күнүнө карата бүтүрүү пландалууда. Борбордо музейлер, лабиринттер, кинотеатрлар, боулинг жана балдардын интеллектуалдык өнүгүүсү үчүн атайын аянтчалар болот. Долбоордун өзгөчөлүгү — жасалма интеллект: 5–6 роботту алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, алар…

Кененирээк