АКШ Ормуз кысыгында калган кемелерди чыгаруу операциясын баштайт
АКШнын деңиз күчтөрү бүгүн Ормуз кысыгында кармалып турган чет элдик соода кемелерин коопсуз чыгара баштайт. Бул тууралуу президент Дональд Трамп Truth Social баракчасына жазды. Анын айтымында, Project Freedom деп аталган операция гуманитардык мүнөзгө ээ. Анын максаты Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга тиешеси жок, бирок кысыкта калып калган кемелерге жана алардын экипаждарына жардам берүү. Трамп айрым кемелерде азык-түлүк,…


