Ошко жаңы заманбап Тез жардам борбору курулат
Садыр Жапаров Ош шаарында элге жолугуп, көйгөйлөрүн угуп, суроолоруна жооп берди. Анда тургундар шаардагы Тез жардам борборунун имараты эскиргенин айтышып, жаңысын салып берүүнү өтүнүштү. Садыр Жапаров, жаңы имарат курууга тапшырма берип, президенттик фонддон каражат бөлүнөрүн айтты.


