Молдованын өкмөтү КМШдан чыгуу тууралуу токтомду бекитти

Молдованын өкмөтү Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигин (КМШ) түзүү жөнүндөгү макулдашууну денонсациялоо тууралуу токтомду бекитти. Муну менен өлкө аймактык уюмдан чыгуу жараянын аяктап жатат. Эми документ парламентте каралып, президент Майя Сандунун кол коюусуна жөнөтүлмөкчү. Молдова 2023-жылдан бери уюмдун ишине катышпай жүрөт.

Кененирээк