Кыргызстанда 4 миңдей унаа утилизацияланышы мүмкүн

Бул чет өлкөнүн номуру тагылган унааларга тиешелүү. Ички иштер министрлиги Кыргызстанда катталбаган бардык автоунааларды мажбурлап утилизациялоо боюнча президенттин жарлыгынын долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Министрлик чет өлкөлүк номурлуу унаалардын ээлерине 2026-жылдын 1-майына чейин аларды өлкөдөн чыгарып кетүүгө, тетиктерге ажыратууга же утилизацияга тапшырууга уруксат берүүнү сунуштоодо. Учурда республикада мыйзамдаштырылбаган 2,5-4 миңдей автоунаа бар.

Кененирээк