Жүргүнчүлөр даттанган учактын учуусуна убактылуу тыюу салынды

Бул учак «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясына тиешелүү. Бишкектен чыккан жүргүнчүлөр Ошко жакындаганда кычкылтек жетишпей калганын айтып даттанышкан. Окуяга күбө болгон Ертуран Разаковдун айтымында, учактын ичинде дүрбөлөң башталып, жаш балдар да, чоң адамдар да өзүн жаман сезген. Ушундай учурда жардамга келүүчү кычкылтек жабдуулары жетишсиз экенин, айрымдары пайдаланууга жараксыз болгонун айтышууда. «Манас» аэропорту кызматтык иликтөө башталып, учак убактылуу…

Кененирээк

Эми «Манас» аэропортунда жүргүнчүнү жеке коштоп жүрүү кызматы көрсөтүлө баштайт

«Манас» эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөр үчүн консьерж-кызматы ишке киргизилет. «Кыргызстан аэропорттору» ААКы билдиргендей, кызматты баштоо боюнча макулдашууга компаниянын коммерция боюнча директору Аман Мамаев жана «Премиум Пасс Кейджи» ЖЧКсынын директору Элиза Аскарбекова кол коюшту. Жаңы кызмат жүргүнчүнү аэропортко келген учурдан тартып учакка отургузулганга чейин жеке коштоп жүрүүнү камтыйт. Анын алкагында каттоодон өтүүгө көмөк көрсөтүлүп, формалдуу жол-жоболордон…

Кененирээк

Ошто 8 учак сатыкка чыгарылды

“Кыргызстандын аэропорттору” эски учактарына аукцион жарыялады. Ан-12 учагынын баштапкы баасы 2 млн 421 миң сом. Ал эми Ан-2 учактарынын наркы 233 миң сомдон башталат. Аукцион 27-апрелде Ош аэропортунда өтүп, катышуу үчүн арыздар 24-апрелге чейин кабыл алынат. Маалымат алуу үчүн: +996557224497

Кененирээк

Кыргызстан эки учак жалдап Жакынкы Чыгыштагы 300 кишини алып кетүүгө макулдашты

Садыр Жапаров БАЭде учуп-конууга тыюу салынганына байланыштуу Оман менен сүйлөшүлгөнүн билдирди. Биринчи кезекте жаш балдар менен аялдар алып келинмекчи. «Кудай буюруп, БАЭден учуп-конууга уруксат берилсе, калган жарандарыбыздын баарын бир күндө алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Биринчи кезекте Оман аркылуу жаш балдар менен аялдар алып келинет”,— деп жазган президент. Белгилей кетсек, аталган аймакта 20 миңден ашык…

Кененирээк