«Өч» тасмасы сатыктан, «Кыргызтасманын» жетекчиси кызматтан алынды
Бул тасма мындан ары Кыргызстандын аймагында көрсөтүлбөй турган болду. Ошондой эле «Кыргызтасмасы» киноборбору мамлекеттик мекемесинин директору Тулекеев ээлеген кызматынан бошотулду. Маданият министрлигинин маалыматы боюнча, бул тасманы эксперттик комиссия карап чыкты. Жыйынтыгында анда зомбулук, ырайымсыздык жана коомдук-адептик нормаларга каршы келген көрүнүштөр басымдуу деген чечим кабыл алынган.


