Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады
Президент Садыр Жапаров бүгүн кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат: «Кымбаттуу кыргызстандыктар!Кадырлуу калайык-калк!Алыс-жакында жүргөн урматтуу мекендештер! Биз – ар дайым кечээги өтмүшүбүзгө сереп салып, кылымдарды карытып келген ата-баба мурастарына кастарлап сый мамиле кылган элбиз. Байыркы бабаларыбыз жаздын келишин жандануунун башаты, жыл ажыраган күн катары толкундоо…

