Бегимай Асанова

Ош-Кашкар аба каттамы ачылабы?

Ош шаарынан Кытайдын Кашкар шаарына аба каттамдарын ачуу сунушталды. Мындай демилгени Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайга жасаган иш сапарынын алкагында маалымдады. Кашкар — Кытай Шинжаң-Уйгур автоном районунун түштүк-батышында жайгашкан шаар. Калкынын саны — 570 000 адамды түзөт. Эске салсак министрлер кабинетинин төрагасынын кытайга болгон иш сапары эки күнгө созулат. Анын алкагында Кыргызстан, Өзбекстан жана…

Кененирээк

Жалпы республикалык тестке онлайн каттоо башталды

Жалпы республикалык тестке бүтүрүүчүлөрдү каттоо 2024-жылдын 29-февралынан 4-апрелине чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин атайын буйругу чыкты.Каттоо 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуп жаткан окуу жайларында жана мурунку жылдары бүткөн бүтүрүүчүлөр үчүн негизги жашаган жеринде жайгашкан райондук шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн жүрөт.

Кененирээк

Кыргызстанда автоунаа ишканасы ишке түшөт

Кыргызстандагы Автоуна кураштыруу, чыгаруу жана сатыкка алып чыгуу боюнча ишкана үстүбүздөгү жылдын август айынан ишке түшөт. Чүй облусунун Сокулук районуна курулуп жаткан автоунаа ишканасын Кыргызстан Кытайлык компания менен ишке ашырат. Долбоордун негизги ишмердүүлүгү электромобилдерди, коммерциялык, жеңил автоунааларды, атайын техниканы чогултууга, ошондой эле транспорт каражаттарын жана тиешелүү продукцияларды эл аралык сатыкка алып чыгууга багытталган. Президент Садыр…

Кененирээк

Патент менен соода жүргүзүү токтотулат. Эмне кылуу керек?

Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан патент негизинде соода жүргүзүү токтотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ошол күнгө чейин патенттин негизинде соода кылган ишкерлер салык салуунун башка ылайыктуу режимдерине өтүшү керек. Тактап айтканда, ишкерлер төмөнкү салык режимдерин тандай алышат: – жалпы салык режими (салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкаларга ылайык төлөнөт); – бирдиктүү…

Кененирээк

Чүйдө музыкалык театр ачылды

Чүй облусунда Шаршен Термечиков атындагы театр ачылды. Ага Минстрлер кабинетинин төрагасы жана мүчөлөрү катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Аталган театрдын узак убакыттан бери өзүнүн имараты болгон эмес. Эми мурдагы «Октябрь» кинотеатрынын имаратында жайгаштырылды. Иш-чаранын конокторуна кыргыздын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун «Эрте келген турналар» чыгармасынын негизинде коюлган спектаклдин премьерасы тартууланды. Министрлер кабинетинин төрагасы мыкты спектакль…

Кененирээк

Кызамыкка каршы эми кимдер эмделет?

Кызамык оорусуна каршы эмдөө өнөктүгүнүн экинчи этабынын алкагында 9 айдан 7 жашка чейинки балдар эмдөөдөн өтүшөт. Вакцина ошондой бейтап менен байланышта болгон бардык адамдарды шашылыш эмдөө үчүн жер-жерлерге жөнөтүлөт. Кыргызстан кызамыкка каршы 264 миң 500 доза вакцина алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 21 млн сом бөлүнгөн. Республикалык иммунопрофилактика борборуна…

Кененирээк

Жаңы туунун сүрөтү бар паспорттор бериле баштайт

Кыргызстандын жаңы, өзгөртүлгөн туусу түшүрүлгөн паспорттор жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр апрель айынан ортосунан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу Калкты каттоо департаментинин башчысы Арсен Миңбаев 27-февралда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында билдирди. «Негизи туунун өзгөрүшү менен документтерди толук алмаштыруу талабы жок. Азыр жарандардын колундагы паспорттор мөөнөтү бүткүчө иштейт. Ал эми план боюнча бизде…

Кененирээк

Бишкекте бильярд боюнча дүйнө чемпионаты старт алды

Кыргызстанда бильярд спорту боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Ачылыш аземи Бишкек шаарында өткөрулүп ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты. Байсалов жалпы спортчуларга ийгилик каалап атамекендик чемпиондордун буга чейинки жетишкен ийгилигине токтолду. Ошондой эле жылдын төрт мезгили ичинде спорттун бардык түрлөрү боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүүгө Кыргызстан даяр экендигин белгиледи. Эске салсак, Мелдешке дүйнөнүн…

Кененирээк

Кыргызстан Монголия парламенттер алакасы кеңейет

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар эки өлкөнүн парламенттер аралык байланышын өнүктүрүүгө багытталган меморандумга кол коюшту. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, меморандумда Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын ортосунда кызматташуу боюнча комиссияны түзүү маселеси камтылып, ар тараптуу алакаларды арттырууга багытталган ченемдер киргизилген. Анын ичинен…

Кененирээк

Ташкентке түз аба каттам ачылды

Бишкек жана Ош шаарларынан Ташкентке түз аба каттамдары ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди. «Тез Жет» авиакомпаниясы «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунан Өзбекстанга туруктуу каттамдарды аткарууга уруксат алган. Ошентип Кыргызстандан Өзбекстанга туруктуу каттамдардын саны көбөйтүлдү. Бишкек — Ташкент — Бишкек жана Ош — Ташкент — Ош багыттары боюнча каттамдар…

Кененирээк