Дүйнөлүк банк: 2026-жылы Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи болжол менен 6,5 пайызды түзөт
Дүйнөлүк банктын баалоосуна ылайык, 2026-жылы Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи болжол менен 6,5 пайызды түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын улук экономисти Бакыт Дубашов билдирди. Анын айтымында, экономикалык өсүштүн негизги кыймылдаткычы — ички экономиканы стимулдаштыруу болот. Айрыкча, жеке керектөөнүн көбөйүшү, инвестициялардын өсүшү жана мамлекеттик чыгымдардын кеңейиши күтүлүүдө. «Биздин божомолдор экономикалык активдүүлүк негизинен ички факторлор аркылуу колдоого…

