Ош Пирим

Азык-түлүк бааларынын өсүү темпи оздукталат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүү темпин кармап туруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Тескеменин максаты Министрлер Кабинетинин 2024-жылга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүү темпин ооздуктоо туруктуулукту жана ички рынокту толтурууну камсыз кылуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү болуп саналат….

Кененирээк

ӨКМ суук аба ырайы кайсыл күнгө чейин созуларын маалымдады

20-февралга чейин абанын температурасы төмөндөйт . Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Суук аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.Үстүбүздөгү жылдын 18-февралынан 20-февралына чейин түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121-138 -чакырымындагы Төө-Ашуу ашуусунда , 198-260-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунун Чычкан капчыгайында; Жолдор тайгак болуп муз тоңот….

Кененирээк

“Ыйлаак кемпир” келди

Кыргызда — «Токсондун түшкөнү жаман, чилденин чыкканы жаман»-деген сөз бар. Жылдыз санап, мезгилдин тамырын кармап, бери дегенде жарым жылдык аба ырайын астына ала билген кыргызардын бул айтакандарында калет жок. Кочкордо, өткөн доордо Эсенбай эсепчи деген жашап өтүптүр. Кышта жаз менен жайдын, жазда күздүн, жайда кыштын кандай болоорун астына ала айтып койчу экен. Эсенбай эсепчи, чилденин…

Кененирээк

50 миң га кунарсыз жайытка үрөн себилет

Кыргызстанда быйыл 50 миң гектар кунарсыз жерге жаңы жайыт үрөндөрүн себүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди.Анын айтымына караганда, үрөн сатып алуу үчүн 60 млн сомго тендер жарыяланды.Министрлик тарабынан 2023-жылы дээрлик 100 тонна үрөн сатып…

Кененирээк

Абитуриенттер мамлекеттик тилден тест тапшырууга милдеттендирилет

Абитуриенттер ЖРТны кайсы тилде тапшыргандыгына карабастан мамлекеттик тил боюнча тест тапшыруусу милдеттендирилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Бул мамлекеттик тил боюнча тест абитуриенттин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктайт жана жогорку окуу жайларына тапшырууда сынактын жыйынтыгына таасирин тийгизбейт. Негизги жана предметтик тесттердин жыйынтыктары мыйзам чегинде мамлекеттик тил боюнча тесттин жыйынтыгы менен бирге чыгарылат….

Кененирээк

Аксы окуясында жабыркагандарга жөлөк пулдун өлчөмү көбөйтүлдү

Аксы окуясында жабыркагандарга жөлөк пулдун өлчөмү көбөйтүлдү. Көбөйтүлгөн жөлөк пулду ушул жылдын 5-февралынан тартып ала башташаары маалымдалды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. «Жөлөкпулдун өлчөмү 3700 сомдон 4500 сомго жогорулады. Кошумча жөлөкпулдун бул түрүн алуучуларга 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып кайра эсептөө жана төлөө жүргүзүлөт«, — деп айтылат маалыматта.

Кененирээк

Абанын сапатын көзөмөлдөөчү муниципалдык инспекция тузүлдү

Бишкекте абанын сапатын көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекция түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин 100 күндүк ишинин жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылат.Инспекциянын кызматкерлерине ыйгарым укук берилип, алар транспорттун атмосфералык абага тийгизген таасирин, ошондой эле жарандар тарабынан булгоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын, стандарттардын, эрежелердин жана башка талаптардын сакталышын көзөмөлдөй алат.Инспекторлорго атайын форма берилип, аларга 11 кызматтык…

Кененирээк

Бала-бакчалардын тарбиячылары окутуудан өтүштү

29-январдан 2-февралга чейин Бишкек жана Ош шаарларындагы бала бакчалардын 4 миң 500дөн ашуун тарбиячысы «Мектепке чейинки билим берүү педагогдорунун кесипкөйлүгүн жакшыртуу» деп аталган окутуудан өттү.Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, бул окутуу модулу бала бакча тарбиячыларынын квалификациясын жогорулатуу үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк мектепке чейинки билим берүү илиминин жана практикасынын жаңы жетишкендиктерин эске алуу…

Кененирээк

Баткенде 30 аял грант алып, ишкердигин баштады

Чек арада жайгашкан Баткен районунун Актатыр, Самаркандек, Кара-Бак, Ак-Сай айыл аймактарындагы 30 аял атайын окутуулардан өтүп, өз ишкердигин баштады. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 14 аял тигүүчүлүк боюнча, 1 аял мототакси кызматын уюштуруу, 2 аял малина өстүрүү, 2 аял азык-түлүк дүкөнүн ачуу, 8 аял кондитердик азыктарды даярдоо, 3 аял сүт азыктарын сатуу багытында ишкердик менен…

Кененирээк

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.Ведомствонун маалыматына караганда, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат жана шамал болгон кезде коопсуз жайларда болуу керектигин эскертет.

Кененирээк