Адылбек Касымалиев Айыл чарба министрлигине 44 даана кызматтык автоунаанын ачкычын тапшырды
Бүгүн, 30-декабрда республика боюнча райондук суу чарба башкармалыктарына кызматтык автоунааларды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинен билдиришти. Иш-чаранын алкагында мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатылып алынган JAC T-8 үлгүсүндөгү 44 кызматтык автоунаа пайдаланууга берилди. Анын ичинен 42 автоунаа Суу ресурстары кызматына, ал эми 2 автоунаа Балык чарба департаментине бөлүндү….


