Венесуэлада саясий туткундар бошотулуп жатат
Каракас бийлиги венесуэлалык жана чет элдик көп сандагы саясий туткундар эркиндикке чыгарылганын билдирди. Алардын арасында белгилүү оппозиция өкүлдөрү да бар экенин жергиликтүү ЖМКлар жазууда. El Nacional басылмасынын маалыматына ылайык, оппозициялык саясатчы Хуан Пабло Гуанипа жана укук коргоочу Росио Сан-Мигель бошотулат. Ошондой эле мурдагы президенттикке талапкер Энрике Маркес жана оппозиция лидеринин күйөө баласы Рафаэль Тударес да…

